Uncategorized @kg

Ысык-Көлдөгү “BOOTCAMP” окутуу лагери

Тандоо турунун жыйынтыгы боюнча ” 3.2.1-Старт!”92 арыз берилген, алардын ичинен көз карандысыз калыстар тобу тарабынан тандалган 30 команда гана жарым финалга чыгып, Ысык-Көлдө “BOOTCAMP” аттуу 4 күндүк окутуу лагеринен өтүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Көчмө иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга жатакана, тамак-аш жана транспорт толугу менен камсыздалды. Бул лагерге командалардын менторлору, ошондой эле эксперттер чакырылган. Тренингдин жүрүшүндө “3.2.1-Старт!”экология, бизнес, маркетинг, брендинг, ой жүгүртүү, юриспруденция жана башка темалар боюнча баалуу билимдерди жана консультацияларды алышты.