Uncategorized @kg

Социалдык долбоорлоо боюнча семинар

Долбоор “3.2.1-Старт!” Кыргызстандын жаштарынын өлкөдөгү экологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө бизнес-идеяларын колдоого багытталган. Ишкердик чөйрөсүндөгү бул тармак Кыргызстанда анчалык популярдуу эмес, бирок жыл сайын биз мындай ишмердүүлүккө суроо-талап өсүп жатканын көрүп турабыз, ошондуктан “3.2.1-Старт!”социалдык долбоорлоо семинары” деп аталган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү, ага каалаган адам акысыз катыша алган. Бул тренингдерде чакырылган эксперттер социалдык долбоорлоо жаатындагы жаш балдар менен баалуу билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү.