Uncategorized @kg

3.2.1. -Старт! – 2 сезон!

Бизде сиздер үчүн сонун жаңылык бар! Биз “3.2.1-Старт!” долбоорун 2 сезонун ишке киргизип жатабыз! Бул жолу бир гана Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келген катышуучулар үчүн эмес, Кыргызстандын булуң – бурчунан келген бардык жаш ишкерлер үчүн! Эскерте кетсек, бул программа жаштар арасында социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө жана экология жана климаттык көйгөйлөрдүн инновациялык чечимдерин колдоого багытталган.

“3.2.1 – Старт!” Жаштарды ЖӨИнин 6 багыт боюнча туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн тартат:
№6 «Таза суу жана санитария»
№7 “Жеткиликтүү жана таза энергия”
№8 Татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш
№13 Климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү
№14 «Деңиз экосистемаларын сактоо»
№15 «Жер үстүндөгү экосистемаларды сактоо»

Бул долбоор Жаштарды Өнүктүрүү Институту тарабынан Кока-Кола Фондунун колдоосу менен жана Coca-Cola Bishkek Bottlers менен биргеликте ишке ашырылууда.