Uncategorized @kg

Pitching Day — Финал

Долбоордун финалдык этабы ” 3.2.1-Старт!”- “Pitching Day” 2021-жылдын 23-декабырдын Кыргызпатенттин инновациялык борборунда өттү, анда долбоордун финалисттери, эксперттер, коноктор, ошондой эле көрүүчүлөр катышты. Иш-чарага жалпысынан 200гө жакын адам катышты. “Мыкты Идея” наамы үчүн 18 команда ат салышты. Бардыгы болуп 5 байгелүү орун берилип, жалпы фонду 1,5 миллион сом түздү. Катышуучуларды ишкердик, экология тармагындагы эксперттер, ошондой эле БУУдан, КСО ЦА ж. б. чакырылган коноктор сынашты. Ошол эле учурда өзүнчө залда панелдик дискуссиялар болуп, анда чакырылган эксперттер экология, ТӨМ, финансы, маркетинг, бизнес темаларында сөз сүйлөштү. Панелдик дискуссиянын жүрүшүндө көрүүчүлөр спикерлерге өз суроолорун берүүгө, ар кандай конкурстарга катышууга жана баалуу байгелерди алууга, даамдуу фуршет жаңы таанышуулар жана баарлашуулар менен ыракаттанууга мүмкүнчүлүк алышты. Күндүн аягында жыйынтык чыгарылып, “3.2.1-Старт!”салтанаттуу сыйлыктар тапшырылды.